«Кыргызиндустрия» ишканасы менен кореялык «BK MEDICARE» компаниясы кызматташат

«Кыргызиндустрия» ААК жетекчиси Жарасул Абдураимов Кореяга болгон иш сапарынын алкагында «BK MEDICARE» компаниясынын иши менен таанышып, эки тарап кызматташуу ниетин билдиришти. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кореяда ар кандай өлчөмдөгү ар түрдүү медициналык пластырларды жасоо боюнча алдыңкы ишканалардын бири экенин жана “3М” компаниясы менен макулдашуусу бар жана ушул компаниянын буйрутмасынын негизинде пластырларды чыгараарын аталган компаниянын жетекчиси айтып берди. Ошондой эле «BK MEDICARE» компаниясынын Кыргызстандагы иши жөнүндө маалымдап, “Кыргызиндустрия” ААК менен мындан ары да кызматташууга ниетин билдирди.

Ал эми “Кыргызиндустрия” ААКнын президенти өз ара пайдалуу кызматташтыкка даяр экенин билдирди. Жолугушуунун соңунда Ж.О.Абдураимов Ён-Джун Парк мырза менен биргеликте ар кандай өлчөмдөгү пластырлардын көп түрүн чыгаруучу заводдун ишин талкуулашты.

Related posts

Кыргызстанда 18-октябрга карата аба ырайы.

admin

УКМК «Дед Хасан» кылмыштуу топтон баш тартканын айткан. Анын депутат уулу үн катты

admin

12-13-октябрь күндөрү Бишкектеги мектептер онлайн окууга өтөт, бала бакчалар иштебейт

admin

Комментарий