КЫРГЫЗПАТЕНТТЕ ИЛИМПОЗДОРГО ЖАНА ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАРГА КЕҢИРИ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР ТҮЗҮЛДҮ

Бүгүн, 2024-жылдын 30-майында, Кыргызпатентке караштуу Инновациялык борбордо технологияларды өткөрүп берүү кеңсесинин ачылыш аземи болуп өттү. Ага АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Лиз Зентос келип катышып, Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева менен биргеликте кызыл лента кести.


Технологияларды трансферлөө кеңсеси – келечекте илимпоздордун жана ойлоп табуучулардын идеяларын ийгиликтүү ишке ашырууга юридикалык жана коммерциялык көмөк көрсөткөн борборго айланат.
Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеванын айтымында, бул борборго илимпоздор жана кызыккан баардык эле жарандар келип, тажрыйба алууга, идея табууга жана ичинде багып жүргөн идеясын ишке ашырууга көмөк таба алат.


Иш-чаранын алкагында бир күндүк семинар уюштурулган. Анда АКШнын Корнелл жана Бостон университеттеринин тажрыйбалуу профессорлору ойлоп табуулардын жашоодо канчалык пайдалуу экенин аныктоого жана аны туура инвестициялоого үйрөтүштү. АКШнын Патенттер жана соода белгилери боюнча бюросу катышуучуларга Кыргызстандын шартында патент алууга өтүнмө берүү боюнча кеңештерди беришти.


Семинарга АКШнын Корнелль, Бостон университеттеринин профессорлору Ричард Кахун, Эшли Стивенс жана АКШнын Патенттик мекемесинин өкүлү Питер Мехравари, АКШнын Коммерциялык укукту өнүктүрүү программасынын (CLDP) өкүлү Джеймс Филпи катышып, доклад жасашты


Иш-чара АКШнын соода министрлиги жана Коммерциялык укуктарды өнүктүрүү программасынын (CLDP) колдоосу, АКШнын мамлекеттик департаментинин каржылык көмөгү менен ишке ашырылды.

Related posts

Камила Талиева: «Предмет по манасоведению должен быть включен в учебную программу для первокурсников во всех ВУЗах» 

admin

Чингиз Айдарбеков лишен дипломатического ранга Чрезвычайного и Полномочного посла КР

admin

Кто вошел в состав сборной Кыргызстана на чемпионат мира в Бишкеке? Фамилии

admin

Комментарий