Кыргызстан 10 миң электромобилди алымсыз ташып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду 

Кыргызстан 10 000 электромобилди үчүнчү өлкөлөрдөн алымсыз ташып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев журналисттер менен жолукканда билдирди.

“Электромобилдерди ташып келүүгө карата тарифтик жеңилдик белгиленди. Натыйжада Кыргызстан 2022-жылы 5 миң, 2023-жылы 10 миң даана электромобилди үчүнчү өлкөлөрдөн алымсыз ташып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду”, — дейт ал.

Касымалиев мындан сырткары, Кыргызстандын ЕАЭБ органдарында төрагалык кылуусунун алдын ала жыйынтыктары тууралуу кеңири маалымат берди.

Related posts

Депутат Ташиев: «Бассейндерде, көлмөлөрдө сөзсүз куткаруучу болуш керек»

admin

Таластын айылдарында да сел жүрдү (видео)

admin

29-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий