Кыргызстан боюнча дан эгиндеринин жыйналган аянты 94% түздү

Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрына карата дан эгиндери (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) 542,5 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө караганда 1,7% көп.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, чабылган аянттан 1,7 миллион тонна дан (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречкасыз алгачкы кабыл алынган салмакта) бастырылды же 1,5 эсеге көп.

Жалпысынан республика боюнча дан өсүмдүктөрүнүн жыйналган аянты 94% түздү.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу арпанын (2 эсеге), буудайдын (1,6 эсеге), май өсүмдүктөрүнүн (9 пайызга), жүгөрүнүн данына (6 пайызга), мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн (5 пайызга) жана бакча өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы (2 пайызга) кыйла көбөйдү.

Related posts

Нурлан Мотуев кармалды

admin

Жол кырсыкка кабылган блогер Арген Асановдун жубайы Аружан Бекешева Бишкекке которулду

admin

Министрлер кабинети жыйында 6 маселени карады

admin

Комментарий