Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргызстан менен Кирпдын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаевдин жана Константинос Комбос телефон аркылуу сүйлөштү.

КР ТИМ маалымат кызматы билдиргендей, тараптардын сүйлөшүүсү бүгүн кипр тарабынын демилгеси менен болгон.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кесиптештер эки тараптуу, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Тактап айтканда, тараптар соода-экономикалык байланыштарды, өз ара инвестицияларды жана туризмди активдештирүүгө, ошондой эле келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Саясий диалогду улантуу максатында министр Жээнбек Кулубаев кипрлик кесиптешин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Related posts

Садыр Жапаров жыл мугалимине батирдин сертификатын тапшырды

admin

Сокулукта 26 жаштагы келин мал сарайда асынган абалда табылды

admin

Бишкекте уурдалган 3 жаштагы кыз. Аны издөөгө 800дөн ашуун милиция кызматкери тартылган

admin

Комментарий