Садыр Жапаров жыл мугалимине батирдин сертификатын тапшырды

Президент Садыр Жапаров «Жылдын мугалими» аталган Назгүл Каныбековага батирдин сертификатын тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери арасында өткөн республикалык кароо-сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлады. Каныбековадан тышкары дагы 13 мугалимге акчалай сертификаттар тапшырылды.

Өз сөзүндө президент мамлекеттик саясаттын негизги максаттарынын бири мектептик билим берүүнү эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү экенин белгилеп өттү.

Related posts

Трамп АКШда эркек жана аял деген эки гана жыныс болорун айтты

admin

Чүйдө 25-декабрдан бери дайынсыз болуп жаткан кыз табылды

admin

Салык кызматы 21 миңден ашык ишкерди тизмеден чыгарат

admin

Комментарий