Кыргызстан менен Малайзиянын беттеши 1:1 эсебинде жыйынтыкталды

6-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курамасынын 2026-жылкы Дүйнө Чемпиондугу жана 2027-жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Малайзия менен жооптук оюну башталды. Калыстар тобун иорданиялык калыс Адхам Мухаммад башкарып жатат. Беттешке өлкө башчы Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен келди.

1-таймда №10 номурдагы Гүлжигит Алыкулов эсеп санды ачты. Ал эми оюндун 38-мүнөтүндө Кыргыз курамасы автогол киргизип алып, эсеп сандары теңелип калды. Калыс биринчи таймга 4 мүнөт убакыт кошуп берди. Бирок берилген убакытта эки курама тең эсеп сандарын өзгөртө алган жок.

2-таймда эки курама тең гол киргизе алышкан жок. Беттеш 1:1 эсебинде аяктады.

Related posts

«Элит Хаус» курулуш компаниясынын ээси Тимур Файзиевдин кармалганы айтылууда

admin

Букингем хансарайы Карл IIIтүн сүрөттөрүн жарыялады

admin

Монголияда кар бороонунан 334 адам дайынсыз болуп жаткан. Алардын 333ү табылды

admin

Комментарий