Кыргызстан менен Өзбекстан президенттеринин жолугушуусу башталды 

Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусу башталды.

Өзбек лидери Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен кечээ келди, аны жубайы коштоп жүрөт.

Биргелешкен жыйында бир катар документтерге кол коюлат. Азырынча кайсы документтер экендиги белгисиз. Президенттердин чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча парламенттер тарабынан мурда кабыл алынган келишимдерге кол коюшу күтүлүүдө.

Иш сапардын программасына ылайык, мамлекет башчылары прессага билдирүү жасашат.

Related posts

«Мектепте иштөө азапка айланды». Агынан жарылган мугалимге бийлик жооп кайтарды

admin

18-декабрга карата аба ырайы

admin

«Ак Ордо», «Кут Ордо»… Садыр Жапаров жаңы Ак Үйгө аталыш керек болуп жатканын айтты

admin

Комментарий