Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары бир катар документтерге кол коюшту 

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен расмий иш сапары менен Бишкекке келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюшту.

КР ТИМден билдиришкендей, тараптар төмөнкү документтерге кол коюшту:

— Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге;

— КР министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга;

— КР Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы менен Өзбекстандын Суу чарба министрлигинин ортосундагы суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга;

— КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Өзбекстандын “Узархив” агенттигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумга;

— КР ТИМинин Дипломатиялык академиясы менен Борбордук Азия эл аралык институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга;

— эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун 2023-2024-жылдарга кызматташуу программасына.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки өлкөнүн ТИМ башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Related posts

Бүгүн Кыргызстан Эгемендикти алганына31 жыл толду

admin

Ош шаарында 18 жерде көмүр сатылып жатат (дареги)

admin

Алтын үчүн күрөштө Акжол Махмудов жеңилүү ызасын тартып калды

admin

Комментарий