Кыргызстанда бөйрөк алмаштырган алгачкы бейтап ооруканадан чыкты

1-февралда бөйрөгү бекер алмаштырылган бейтап менен донор үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Министр бөйрөгүн бекер алмаштыруу операциясынан ийгиликтүү өткөн бейтап менен донордон кабар алып, алардын бүгүнкү күндөгү абалы менен таанышты. «Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, силерге биринчилерден болуп бекер операция жасалды. Мына минтип бүгүн үйүңүздөргө чыгып жатасыздар. Өзүңөргө жакшы кам көрүп, дарыгердин көзөмөлүндө болуңуздар”,-деп кошумчалады Алымкадыр Бейшеналиев.

Мындан тышкары, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчилиги министрге трансплантация боюнча 50гө жакын адам кайрылганын билдирди. 12-февралда дагы бир реципиент жана донор бөйрөк алмаштыруу үчүн ооруканага жаткырылат.

Related posts

Синоптиктер Бишкекте 10-16-ноябрга карата аба ырайынын болжолун жаңылашты

admin

Ветеринардык кызматтын эсепчиси пара алып жаткан жеринен кармалды

admin

Ысык-Көлдө көлдүн жээгиндеги кумду башка жакка ташыган кишиге териштирүү иштери башталды

admin

Комментарий