Кыргызстанда Борбордук Азиядагы миграцияны кыскартууга багытталган  эл аралык хаб ачылат

Бишкекте Борбордук Азиядагы профессионалдык миграцияны кыскартуу максатында жаңы эл аралык профессионалдык  хаб ачылат. Бул тууралуу уюштуруучулардын демилгелүү тобу билдирет.

Учурда  иш менен камсыз болгон калктын саны 2581,1 миң адамды түзөт. Бирок расмий маалыматтар ошол мезгилдеги жумушсуздардын саны 131,6 миң адамды түзөөрүн көрсөтүүдө. Жумушсуздуктун жалпы деңгээли 4,9%ды түздү, бул эмгек рыногун колдоо боюнча мындан аркы чараларды көрүүнүн зарылдыгын көрсөтөт.

Кыргызстандыктардын Орусиядан рекорддук миграциялык агымын белгилей кетсек, 2022-жылы Орусиядан чыгып кеткендердин саны 43,6 миң адамды түзсө, быйылкы жылдын алты айында 20,5 миң адамды түздү.

Ушул факторлорду эске алуу менен «Еврохантер» эл аралык хабынын ачылышы өзгөчө мааниге ээ. Себеби Еврохантер  компаниясы Бишкекте КМШдагы Европада жумушка орноштуруу боюнча эң ири борборду иштетет, бул Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы социалдык, экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүүнүн жаңы деңгээлге чыгуусун шарттайт.

«Еврохантер» инновациялык иш менен камсыз кылуу агенттигинин ролун аткарып, жумуш визаларын гана эмес, Европадагы заманбап эмгек рынокторунун маданиятын жана талаптарын терең түшүнүүнү камсыздайт. Ачылышка мамлекеттик жана эл аралык миграциялык институттардын, дипломатиялык корпустун, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана ЕБ өлкөлөрүндөгү профессионалдык миграцияга кызыккан жарандар катышат.

«Өлкө иш менен камсыз кылуу жаатындагы кыйынчылыктарга туш болгон шарттарда мындай иш-чаралар өзгөчө мааниге ээ. Инновациялык борборлордун ачылышы жана алар менен өнөктөш болуу жумушсуздукту азайтууга жана Кыргызстан менен башка мамлекеттердин ортосундагы байланышты чыңдоого, аймактын стабилдүү өнүгүшүнө салым кошот. Европанын өнүккөн өлкөлөрү менен билим жана тажрыйба алмашуу Кыргызстандын жарандарына тажрыйба алууга мүмкүндүк берет деп. Бул жаңы билим жана инновация өлкөбүзгө кайтып келип, Кыргызстандын улуттук потенциалын жогорулатат.

Биз өлкөнүн экономикасын туруктуу өнүктүрүүгө инвестиция салып, чет өлкөдө ишке орношуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтөбүз”, — деп баса белгилешет уюштуруучулар.

Эскерте  кетсек, иш-чара 2023-жылдын 12-декабрында саат 17:00дө Бишкек ш., Панфилов 178 көчөсүндө, «Орион-2» бизнес борборунда, 7-кабатта өтөт.
Байланыш телефондору: +996 (999) 080 594.

Related posts

7-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Кайрат Примбердиев Бишкекте 100дөн ашуун окуучу менен жолугуп, суроолоруна жооп берди

admin

Бишкекте «көпөлөк» рейди жүрө баштагандан тарта 1600дөн ашык кыз аныкталган (видео)

admin

Комментарий