Кыргызстанда издөөдө жүргөн эки жаран Испания менен Россиядан кармалды 

Алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн КР жарандары Испания менен Россиядан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин интерполунун суранычы менен Испаниянын Интерполу тарабынан Мадриддин аэропортунан эл аралык издөөдө жүргөн жаран 1988-жылы туулган И.А. кармалды. Ал 2022-жылдан бери өзгөчө ири өлчөмдө (140 миң доллар) алдамчылык жасагандыгы үчүн Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн.

Аталган жаран ишкерлердин ишенимине кирип, андан ары чет өлкөдө сатуу үчүн товар алып келем деп ири суммадагы акчаларын алып, андан соң изин жашырып кеткен. Маалыматтарга караганда, ал Түркияда болуп, кийин экстрадициялоо боюнча келишими жок өлкөлөрдө жашырынууну көздөгөн. Ушул максатта издөөдө жүргөн жаран Түндүк Америка континентине өтүүгө аракет кылган. Ал АКШда жашырынууну көздөп, Түркия — Мексиканын «Бенито-Хуарес» эл аралык аэропорту багытында авиабилетти брондогон. Ал Мадриддеги аэропорттон кармалган.

Ошондой эле Россиянын Ички иштер министрлигинин Интерпол Улуттук борбордук бюросу менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Новосибирск шаарындагы аэропорттон эл аралык издөөгө алынган жаран 1988-жылы туулган А.А. кармалды. Аталган жаран борбор калаадагы банктардын биринин кызматкери болуп иштеп турганда кардардын 900 миң сом акчасын ээлеп алып, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Учурда Кыргызстандын компетенттүү органдары тарабынан кармалган жарандарды экстрадициялоо маселеси каралууда.

Related posts

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз болуп жаткан жигитти 300 киши издеп жүрөт

admin

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жер тилкесинин мурда мыйзамсыз алынган бөлүгү мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

КР УКМК: Ош аскер комиссариатынын кызматкери – опузалап пара талап кылгандыгы үчүн кармалды.

admin

Комментарий