Кыргызстанда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кечээ, 20-октябрь күнү саат 23:44тө Кыргызстандын аймагында очогундагы күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3,5 балл, Бор-Дөбө айылында 3 баллга (Нура айылынан 29 чакырым түштүк батышта, Икизяк айылынан 30 чакырым түштүк батышта, Эркештам айылынан 35 чакырым түштүк батышта, Көк-Суу айылынан 34 чакырым түштүк чыгышта, Бор-Дөбө айылынан 35 чакырым чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Related posts

Садыр Жапаров Аспеков боюнча: «Үрүп чыккан» анча-мынча «иттерге» көңүл бурбай, иштей беришим керек»

admin

Акжол Махмудов Париждеги Олимпиадага жолдомо жеңди

admin

Шарапаткан Мажитова: “Баткен облусуна аскердик госпиталь уюштуруу зарыл”

admin

Комментарий