Кыргызстанда омуртка булчуңунун атрофиясы менен жабыркаган 39 бала катталган

Кыргызстанда омуртка булчуңунун атрофиясы менен жабыркаган 39 бала катталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Учурда 12 бала дарыланууда, анын төртөө чет өлкөлөрдө терапиядан өтүп, калганы Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан зарыл дарыларды алып жатканы айтылды.

«Учурда жүлүн атрофиясын толук айыктыруучу дарылоо ыкмалары жок. Бирок заманбап терапия оорунун өнүгүүсүн олуттуу жайлатууга жана бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет», — деп билдирди министрлик.

Ошондой эле Жогорку технологиялар фондунун эсебинен рисдиплам препараты сатып алынары кошумчаланды.

Эске салсак, дал ушул дарт менен жабыркаган балага каражат чогултулуп, аз убакытта керектүү 170 миллион сом топтолуп, ашканы башка балдарга берилери айтылган. Бул окуя Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлүп, депутат Советбек Рустамбек уулу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнөн илдет тууралуу тиешелүү жооп ала албаганы үчүн адистерди сындаган.

Related posts

32 жаштагы ырчы Бегимвй Бекбоеаа каза болду

admin

Дүйнө чемпионаты: Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова чейрек финалга чыкты

admin

Бишкекте уурдалган 3 жаштагы кыз. Аны издөөгө 800дөн ашуун милиция кызматкери тартылган

admin

Комментарий