Кыргызстандан Азербайджанга 100 топоз авиакаттам аркылуу экспортко жиберилет

Жакынкы арада Кыргызстандан Азербайджанга 100 баш топоз (15 бука 85 инек) авиакаттам аркылуу жөнөтүлөт . Бул тууралуу Mediaportal.kg сайтына Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүнкү күндө 100 баш топоз экспортко даяр. Учурда авия каттамдар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп билдирди министрлик.

Маалыматка ылайык, топоздор атайын клеткаларга салынып, андан сон самолетко жүктөлөт. Аларды атайын адистер учурда даярдап жатышат.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 15-19-июнь күндөрү Азербайджан Республикасынан Айыл чарба министрлигинин мал чарба бөлүм башчысы Э.Хасанов келип, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы топоз чарбалары менен таанышып, топоз малын өстүрүү боюнча маалыматтарды алып кеткен.

2022-жылдын 22-июлунда Азербайджан Айыл чарба министрлигинен кайрылуу кат келип, анда алардын өлкөсүнүн климаттык, географиялык шарттарында топоз малын өстүрүү үчүн туура жайгаштыруу ж.б. маселелер боюнча топоз чарбасы менен иштеп, топоз багуу боюнча тажрыйбасы бар 1 адисти жиберүүнү суранышкан.

2022-жылдын 23-сентябрында топоз чарба боюнча Сактан айыл чарба кооперативинин жетекчиси Карыбеков Бактыбек Карыбекович Азербайджан өлкөсүнө барып, Азербайджан Айыл чарба министрлигинде маселерди жеринде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, сунуштарын берип келди.

Related posts

Орозайым Нарматова: «Кемпир-Абад иши боюнча акыйкат чечимди күтөбүз»

admin

Атамбаев менен Карамушкинанын Кой-Таш окуясы боюнча калпы чыкты  

admin

Бала бакчаларда тамак берүү кайра мамлекеттин мойнуна жүктөлсүн. Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

admin

Комментарий