Кыргызстандын чек арасы аркылуу Казакстанга чет өлкөлүк жарандарды системалуу түрдө мыйзамсыз алып өтүү менен алектенген адамдардын тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
29-октябрда Ысык-Ата районунун аймагында Казакстанга мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен Пакистандын 3 жараны, ошондой эле бул мыйзамсыз миграциянын туруктуу каналынын уюштуруучулары эл аралык медициналык университеттин Медицина факультетинин 5-курсунун студенти Пакистандын жараны жана Кыргыз жараны кармалды. Уюштуруучулар Пакистандын жарандарын Казакстанга өткөрүү үчүн 1 миң 700 долларга чейин каражат алышканы аныкталды. УКМК тарабынан мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракети боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголду. Мыйзамсыз миграцияны уюштуруучуларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) негизинде кылмыш иши козголду.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Пакистандын 7 жараны 2 айлык мөөнөткө ЖАКнын №1 тергөө абагына камалды. Учурда мыйзамсыз миграциянын бул туруктуу каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.