Кыргызстандан Казакстанга Пакистандын жарандарын мыйзамсыз өткөрүп жүргөндөр кармалды

Кыргызстандын чек арасы аркылуу Казакстанга чет өлкөлүк жарандарды системалуу түрдө мыйзамсыз алып өтүү менен алектенген адамдардын тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

29-октябрда Ысык-Ата районунун аймагында Казакстанга мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен Пакистандын 3 жараны, ошондой эле бул мыйзамсыз миграциянын туруктуу каналынын уюштуруучулары эл аралык медициналык университеттин Медицина факультетинин 5-курсунун студенти Пакистандын жараны жана Кыргыз жараны кармалды. Уюштуруучулар Пакистандын жарандарын Казакстанга өткөрүү үчүн 1 миң 700 долларга чейин каражат алышканы аныкталды. УКМК тарабынан мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракети боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголду. Мыйзамсыз миграцияны уюштуруучуларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) негизинде кылмыш иши козголду.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Пакистандын 7 жараны 2 айлык мөөнөткө ЖАКнын №1 тергөө абагына камалды. Учурда мыйзамсыз миграциянын бул туруктуу каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

КР УКМК: Талас облусунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кармалды

admin

Депутат Эльмурза Сатыбалдиев Курманбек Бакиев менен жолукканын айтты

admin

Ошто бензин куюлган 3 цистерна темир жолдон чыгып, бир адамды басып калган 

admin

Комментарий