Кыргызстандыктар жаңы жылда 8 күн катары менен эс алат

2023-жылдын 1-январынан 8-январына чейин өлкөдө жаңы жылдык эс алуу күндөрү жарыяланды. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Бул чечим дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынган.

Мындан улам жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды:

Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:

-2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 8-январына чейин дем алыш күндөрү болуп белгиленсин жана которулсун:

2023-жылдын 9-январындагы дем алыш күнү – 2023-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;

2023-жылдын 25-февралындагы дем алыш күнү – 2023-жылдын 4-январындагы иш күнүнө;

2023-жылдын 11-мартындагы дем алыш күнү – 2023-жылдын 5-январындагы иш күнүнө;

2023-жылдын 25-мартындагы дем алыш күнү – 2023-жылдын 6-январындагы иш күнүнө;

-2023-жылдын 18-мартынан 2023-жылдын 21-мартына чейин дем алыш күндөрү болуп белгиленсин жана которулсун:

2023-жылдын 29-апрелиндеги дем алыш күнү – 2023-жылдын 20-мартындагы иш күнүнө;

-2023-жылдын 5-майынан 2023-жылдын 9-майына чейин дем алыш күндөрү болуп белгиленсин жана которулсун:

2023-жылдын 13-майындагы дем алыш күнү – 2023-жылдын 8-майындагы иш күнүнө;

-2023-жылдын 4-ноябрынан 2023-жылдын 8-ноябрына чейин дем алыш күндөрү болуп белгиленсин жана которулсун:

2023-жылдын 11-ноябрындагы дем алыш күнү – 2023-жылдын 6-ноябрындагы иш күнүнө.

Related posts

16-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

ЦУМ издөөгө алынган Габбазов соода борбордун ээси эместигин билдирген. УКМК маалымат берди

admin

Жаратылышка өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү фактысы менен «Долпран» алтын кенинин башкы директору кармалды

admin

Комментарий