Кыргызстандын Көк-Бөрү федерациясынын президенти Ж.Р.М. кармалды

  КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагындагы иш-чаралардын жүрүшүндө, УКМК органдарындагы байланыштарын шылтоо кылып, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган КР жаранынын  ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы аныкталды.
   Тактап айтканда, Кыргызстандын Көк-Бөрү федерациясынын президенти Ж.Р.М., КР УКМК тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн болгон текшерүүлөрдөн коргоо шылтоосу менен, КР УКМКдагы байланыштарына таянып, бир ЖЧКнын жетекчисинен жалпысынан 390 миң АКШ долларын алган.
   2025-жылдын 22-декабрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Алдамчылык) боюнча кылмыш жасаган деген шек менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Ж.Р.М. кармалып, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
   Учурда тиешелүү тергөө жана оперативдүү иш-чаралар уланууда.

Related posts

Президент: 3 миң жылдан ашуун тарыхты бизге калтырып кеткен ата-бабаларыбызга таазим!

admin

Бүгүн Ошто жайгашкан «Кудайберди» базарындагы бардык тамактануучу жайлар жабылат

admin

Ысык-Көл облусунда мурдагы «Электр-техникалык заводдун» имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды

admin

Комментарий