Ошко бергенден калган Бишкектеги 42 троллейбус электробуска айланат

Бишкектеги 42 троллейбус электробуска айланат, учурда аларга батареялар орнотулууда. Бул тууралуу вице-мэр Жамалбек Ырсалиев билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы чыккан троллейбустарды электробуска өткөрүү ыңгайлуу. Алар Ош шаарына берилгенден кийин калган троллейбустар экени кошумчаланды.

Ошондой эле Ырсалиев быйыл мэрия жалпысынан 257 автобус сатып алууну көздөп жатканын кошумчалады.

Related posts

Кыргызстанда 23-август улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

mediaportalk

Садыр Жапаров: Кыргыз-тажик чек арасы жаңы жылга чейин такталат

mediaportalk

КР УКМК: 7000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен адвокат «А.С.А.» кармалды

mediaportalk

Комментарий