Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунун имараты жаңыланды.

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдук толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, баардык эмеректери жаңыланды. Бул тууралуу ТИМдин расмий сайтына жарыяланды.

Мындан ары жарандарга сапаттуу жана ыңгайлуу консулдук кызмат көрсөтүү үчүн түзүлгөн шарттар бир канча эсе жогорулады. Эне-бала бөлмөсү дагы жасалды.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Туркияга болгон сапарынын алкагында Стамбулга келип, Башкы консулдуктун жүргүзүп жаткан иштерине оң баасын берип, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, сунуш-пикирлерин билдирди» — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бул имарат акыркы жолу 2014-жылы оңдоп-түзөөдөн өткөн.
Тышкы иштер министрлиги белгилегендей, консулдуктун имаратына кеткен баардык чыгымдарды Башкы консул Токтобеков Чыңгыз мамлекеттин эсебинен эмес, демөөрчүлөрдүн каражаты менен бүтүрдү.

Related posts

Некролог. Улуттук коопсуздук органынын ардагери Замир Сабаев дүйнөдөн кайтты

admin

17-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Жазуучу Олжобай Шакирди абактан бошотуу чечими чыкты

admin

Комментарий