Жазуучу Олжобай Шакирди абактан бошотуу чечими чыкты

Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Сот жазуучу Олжабай Шакирге карата чечим чыгарып, үч жылдык пробация мөөнөтүн койду. Бул тууралуу журналисттерге юрист Акмат Алагушев билдирди.

Анын айтымында, Олжабай Шакир он күндүн ичинде бошотулат. «Чечим айыпталуучунун катышуусуз кабыл алынды», — деди жактоочу.

Жазуучу ушул жылдын май айында 5 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ал өткөн жылдын август айында кармалып, ага массалык башаламандыкка чакырык жасоо айыбы тагылган болчу.

Related posts

КР УКМКнын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имараты ачылды

admin

“Телефонун алып койгонун айткан”. Жалал-Абадда окуучу кыз мектептин 2-кабатынан секирген

admin

22-октябрга карата аба ырайы

admin

Комментарий