Кыргызстанга Казакстан Мажилисинин төрагасы расмий сапар менен келди

Бүгүн Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Сыйлуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев жана Казакстан менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов тосуп алды.

Эскерте кетсек, расмий иш сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, анын ичинен Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Мажилис төрагасы Ерлан Кошанов тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мындан тышкары, тараптар Парламенттер аралык кызматташтык боюнча кеңештин отурумуна катышат.

Related posts

Садыр Жапаров Кытайга иш сапары менен барат

admin

Кыргызстанда өлкөнү Россия менен байланыштырчу соода маршруту иштелип чыгууда 

admin

Быйыл кызыл аттестатты эң көп Бишкектин бүтүрүүчүлөрү алышат

admin

Комментарий