Ташиев Ош — Ноокат автожолунун жаңыланып кеңейген бөлүгүн ачты. Сүрөт


Бүгүн, 31- октябрда Ош облусунун   Ноокат районунда узундугу 6 чакырымды түзгөн 4 тилкелүү жол реконструкциядан кийин колдонууга берилди.

Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жана транспорт жана коммуникациялар министри Абсатар Сыргабаев жана жергиликтүү жетекчилер жана тургундар катышты.

Ноокат шаарын аралап өткөн Ош — Баткен — Раззаков эл аралык маанидеги автоунаа жолу 4 тилкелүү болуп, ирригация, жарыктандыруу, жашыл зона жана тротуарлар 80 пайыз жасалды. Калганы 10-ноябрга чейин жасалып бүтөт. Курулуш иштеринде 50гө жакын атайын техника иш алып барды.

Белгилей кетсек, Кыркол-Сай көпүрөсүнүн реконсрукция иштери 80 пайызга аяктап, 10-ноябрга чейин ишке берилсе, 43 чакырымды түзгөн Чили-Сай көпүрөсү менен 63 чакырым узундуктагы Абшыр-Сай көпүрөлөрү толугу менен жасалып бүттү.

Related posts

Президенттин маалымат катчысы шылуундар анын атын жамынып жатканын айтты

admin

Депутаттар Орусиядагы Парламенттик оюндарда 3-орунду ээлешти (сүрөттөр)

admin

Бундестаг Шольцко ишенбөөчүлүк көрсөттү

admin

Комментарий