Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө 8 автоунаа алып келүү аракети токтотулду

УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстанга автоунааларды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, М.З.Ж. аттуу Кыргыз жараны өзүнүн шериктери менен 8 автоунаага жасалма документтерди колдонушуп, Кыргыз Республикасынын аймагында андан ары легалдаштыруу жана сатуу үчүн «Каркыра-Автожол» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө аракет кылышкан. Атайылап жасалма документтерди колдонуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголду. Учурда кармалган М.З.З. аттуу жаран Каракол ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошол эле учурда аталган фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

КР УКМК: Ысык-Көл облусунда К.Асанбекке тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды

admin

«КР эмгек сиңирген ишкери» наамы киргизилет

admin

Майда бензин 1,5-2 сомго кымбатташы болжолдонууда 

admin

Комментарий