Кыргызстанга Россиянын президенти Путин келди

Кыргызстанга Россиянын президенти Владимир Путин келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Манас» эл аралык аэропортунда Владимир Путинди министрлер кабинетинин төрагасы – президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Владимир Путин Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди.

Related posts

25-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Токмокто жол кырсыгынан 3 адам жабыркады 

admin

Бишкекте биринчи Элдик курултай ишин баштайт. Ага Садыр Жапаров катышат

admin

Комментарий