Кытайда жер титиреп, 100дөн ашуун адам каза болду (видео)

Кытайдагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 111 адамды түздү. Бул тууралуу Синьхуа басылмасы жазды. 

Кытайдын Сейсмологиялык түйүндөр борборунун маалыматы боюнча, жер титирөө 18-декабрда Пекин убактысы боюнча саат 23:59да болуп, гипоборбор 10 чакырым тереңдикте жайгашкан.

Жер титирөөнүн очогу Кытайдын түндүк-батышындагы Люгоу кыштагында болгон. Күбөлөрдүн айтымында, жер титирөөдөн үйлөр, жолдор жана башка инфраструктуралар жабыркаган. Бир катар айылдарда электр жарыгы жана суу үзгүлтүккө учурады.

Акыркы маалыматтар боюнча жер титирөөнүн кесепетинен 111 адам каза болгон. Издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн кырсык болгон жерге 580 куткаруучу, 88 өрт өчүрүүчү унаа, 12 издөөчү ит жана 10 миңден ашык техника жөнөтүлгөн. 

Related posts

Чүй ОИИБдин мурдагы башчысы Самат Курманкулов Орусияга дарылануу үчүн учуп кетти

admin

Ысык-Көлдө көлдүн жээгиндеги кумду башка жакка ташыган кишиге териштирүү иштери башталды

admin

«Күн сайын адамдар чөгүп жатат». Казак өкмөт башчысы коңгуроо какты

admin

Комментарий