Кытайдагы заводдон чыккан өрт 36 адамдын өмүрүн алды 

Кытайдын Хэнань провинциясындагы заводдон чыккан өрттөн кеминде 36 адам каза болду. Бул тууралуу CGTN телеканалына шилтеме менен РИА Новости жазып чыкты.

Кырсык Аньян шаарында орун алган.

“Кытайдын борбордук телевидениесинен белгилешкендей, Аньян шаарынын өрт өчүрүү бөлүмүнө шаардын Вэньфэн аймагындагы ишканалардын биринде өрт чыкканы тууралуу билдирүү түшкөн. Жерине өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар тартылып, өрт өчүрүлдү. Телеканалдын маалыматына ылайык, өрт кырсыгы Kaixinda Trading компаниясына таандык имаратта орун алган”, — деп айтылат маалыматта.

Related posts

27-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Төө-Ашууда таш кулап, буста келе жаткан 11 жаштагы кыз каза болду

admin

ӨКМ кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты 

admin

Комментарий