Кызыл-Кыя шаарында адам уурдап, опузалап талап кылган жаран бир жылдан кийин кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Ноокат районунун 27 жаштагы тургуну өзүнүн кылмыштуу шериктери менен Кызыл-Кыя шаарындагы көчөлөрүнүн бириндеги унаа жуучу жайда алдын ала план түзүшүп, Ош шаарынын 33 жаштагы тургунунун жасалма акча жасоочулук менен алектенүүсүн аныкташып, аны Кызыл-Кыя шаарына уурдап барып, 20 миң доллар акча каражатын талап кылууну сүйлөшүшкөн. Кылмыштуу топ Ош шаарына барып, жаранды үйүнөн чакырып, күчтөп унаага олтургузуп, Кызыл-Кыя шаарына алып барып, өздөрүн «смотрящий» деп атаган 8 жаран белгисиз ок атуучу курал менен коркутуп, «бизге жасалма 20 миң доллар таап келесиң, болбосо унааңды бизге өткөрүп бересиң» деп ага зомбулук көрсөтүп, айдоочулук күбөлүгүн, 10 миң 650 сом акчасын, айдап жүргөн унаасын тартып алып койгондугу маалым болгон. Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (Адамды уурдоо), 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, жабырлануучуга тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыштуу топтун алтоосу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми шектүү кылмыштуу изин жашыруу максатында Тажикстандын аймагына качып, эки өлкөнүн милиция кызматкерлеринин сүйлөшүүсүнүн негизинде кылмыштын изи сууй электе Тажикстандын аймагынан кармалып, Кыргыз өлкөсүнө өткөрүп берилген. Бул кылмыштуу топту жетектеген жаран кылмыштуу жоопкерчиликтен качуу максатында Кыргызстандын аймагынан тез аранын ичинде чыгып кеткендигине байланыштуу, Кызыл-Кыя шаардык сотунун токтомуна ылайык, бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалды. 5-октябрь күнү Ош шаарындагы аэропортунан издөөдө жүргөн жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.