Күндүз +26° чейин — 30-октябрга аба ырайы

Кыргызгидромет 30-октябрга карата Кыргыз Республикасындагы аба ырайынын болжолун жарыялады.

Түнкүсүн Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Аба температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +8…+13

күндүз +20…+25

Талас району

түнкүсүн +4…+9

күндүз +17…+22

Баткен областы

түнкүсүн +8…+13

күндүз +21…+26

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +8…+13

күндүз +21…+26

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +5…+10

күндүз +12…+17

Нарын областы

түнкүсүн +2…+7

күндүз +13…+18

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүзгү жогорку температурасы 23…25° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10°, күндүзгү жогорку температурасы 14…16° жылуу болот.

Related posts

УКМК: КР жарандыгын алуу боюнча документтерди тариздөө үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз алуу схемасын уюштуруу фактысы аныкталды

admin

«40 миллион сомдон ашык зыян келтирген». Улуттук госпиталдын башкы дарыгери кармалды 

admin

«Кыргыззоот» ЖЧКсы жумушчу кийимдерди чыгаруу боюнча россиялык компания менен 2 миллион сомдук келишим түзгөн   

admin

Комментарий