Малайзиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет 

2023-жылдын 2-3-июль күндөрү Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир Кыргызстанга расмий сапар менен келет.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, Малайзиянын ТИМ башчысы кыргызстандык кесиптеши Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча келет.

Расмий сапардын алкагында кыргыз-малайзиялык мамилелердин бардык спектрин активдештирүү маселелерин, тактап айтканда, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө талкуулоо максатында жогорку деңгээлде жолугушуулар пландаштырылган.

Related posts

«Азыркы коомду маалыматсыз элестетүү кыйын». Садыр Жапаровдун басма сөз күнүнө карата куттуктоосу

admin

УКМК Бишкекте казакстандык активисттердин кармалганы тууралуу маалымат берди

admin

Жамгыр жаап, үшүк жүрөт — 24-сентябрга аба ырайынын божомолу

admin

Комментарий