УКМК Бишкекте казакстандык активисттердин кармалганы тууралуу маалымат берди

Бишкекте казакстандык активисттер Диана Баймагамбетова, Дидар Каиров жана Асхат Жексебаев кармалды. YouTube каналына видео кайрылууну казакстандык дагы бир активист Жанна Бота жайгаштырды. Анын айтымында, кармоо Кыргызстандын УКМК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Ошондой эле, активисттердин убактылуу кармоочу жайга киргизилгени да айтылды.

УКМК маалымат таратып, аталган жарандардын чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалганын билдиришти. «26-октябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы чек арачылар тарабынан Казакстандын 2 жараны кармалган. Алардын 23-октябрда кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндүгү аныкталган. Аталган факты боюнча алар Жазык кодексинин 378-беренесинин негизинде кармалган. Октябрь райондук сотунун чечими менен алар 2 айга камакта калтырылган. Тергөө уланууда»,- деп айтылат маалыматта.

Related posts

Жакында өлкө боюнча 70 бала бакча жана 300 борбор ачылат

admin

Оштун Куршаб айылындагы мечиттен өрт чыкты

admin

УКМК: «Аксыда акча талап кылган акушер кармалды» 

admin

Комментарий