Мамыралиев Антимонополиянын төрагасы болуп дайындалды

Айбек Мамыралиев Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

42 жаштагы Айбек Мамыралиев 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин аяктаган. Эмгек жолун 2004-жылы Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин инвестициялык саясат бөлүмүнүн адиси болуп баштаган. 2013-жылдан бери Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын статс-катчысы болуп иштеп келаткан.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын мурдагы жетекчиси Кеңешбай Тайлаков быйыл август айында кызматтан кеткен. Ал бул кызматка 2021-жылы апрелде дайындалган.

Related posts

Кыргызстанда ЖОЖдордогу бюджеттик орундар 10 миңге чейин көбөйтүлдү

admin

Нарын облусундагы 42 айылды таза суу менен камсыз кылуу иштери жүрүүдө

admin

Аркадий Дубнов Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы келишимдин маанилүүлүгү жөнүндө айтып берди 

admin

Комментарий