Мамыралиев Антимонополиянын төрагасы болуп дайындалды

Айбек Мамыралиев Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

42 жаштагы Айбек Мамыралиев 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин аяктаган. Эмгек жолун 2004-жылы Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин инвестициялык саясат бөлүмүнүн адиси болуп баштаган. 2013-жылдан бери Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын статс-катчысы болуп иштеп келаткан.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын мурдагы жетекчиси Кеңешбай Тайлаков быйыл август айында кызматтан кеткен. Ал бул кызматка 2021-жылы апрелде дайындалган.

Related posts

Садыр Жапаров Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

admin

Ош шаарында 7 жаштагы баланын жансыз денесин каналдан алып чыгышты

admin

УКМК: Өзүн Камчыбек Ташиевдин уулу катары тааныштырган жалганчы кармалды

admin

Комментарий