“Манас” аэропорту 9 айда 2 миллиондон ашуун жүргүнчү тейледи

2022-жылдын 9 айында “Манас” эл аралык аэропорту 2 млн 34 миң 848 жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ички каттамдарда жүргүнчүлөрдүн агымы 570 миң 25 адамды түзсө, эл аралык каттамдарда 1 млн 464 миң 823 жүргүнчү катталган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 33,5%га өскөн.

“Манас” эл аралык аэропортунда 9 ай ичинде 18 миң 295 аба каттамы аткарылган.

Белгилей кетсек, “МЭА” ААКнын аэропорттору 2022-жылдын 9 айында 3,8 миллиондон ашык жүргүнчүнү тейлегенге жетишти

Related posts

Президент Садыр Жапаров билим берүү кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

admin

Сузактагы кыздар медресесинде өрт чыгып, 2 кыз ооруканага жеткирилди 

admin

20-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий