«Манас» аэропорту кызматкерлери тарабынан пакистандык жарандарга орой мамиле жасаганы тууралуу үн катты

Акыркы окуялардан улам социалдык тармактарда Пакистан жарандарынын «Манас» эл аралык аэропортунан массалык учуп кетүүлөрү тууралуу маалымат активдүү тарай баштады. Буга байланыштуу аталган аэропорт расмий жооп берип, коомчулукту чагымчыл маалыматтарга ишенбөөгө чакырат.

21-майда Пакистан бийлиги өз жарандары үчүн бекер каттамдарды уюштурган, буга ылайык бул өлкөнун жарандары бекер каттам тууралуу маалымдар болгондон кийин массалык түрдө аба майданына агымы башталган. Алар келгенден кийин чыр-чатактар чыга баштады, анткени бекер каттам менен учууну каалагандардын саны учактагы орундардын санынан ашып кеткен. Пакистан жарандары аэропорттун ичинде өз өлкөсүнө нааразылыгын айтып, Бишкектен бекер учуп чыгуу мүмкүнчүлүгүн талап кылышкан.

Алгач Бишкекте калган бардык пакистандыктар Бишкектен учуп кетүүгө мүмкүнчүлүк алышкан, бирок кийин Пакистандын Тышкы иштер министрлиги жүргүнчүлөр катталган тизмени берген. Бул тизмелерге Пакистандын көптөгөн жарандары кирбей калган, алар өз ысымын бул тизмеге киргизүүнү талап кылып, нааразылык билдиришкен. «Манас» эл аралык аэропорту мындай кырдаалда Бишкектин жана аэропорттун бийликтери бул тизмелерди түзүүгө же өзгөртүүгө жооптуу эместигин билдирет. Пакистандын жарандары бул маселени чечүү үчүн өз өлкөсүнүн Кыргызстандагы элчилиги менен байланышып, күнү-түнү аэропортто калып, анын ишине тоскоолдук жаратпашын суранат.

Ошондой эле аэропорттун кызматкерлери тарабынан пакистандыктарга орой мамиле жасаганы тууралуу видеого комментарий берилген. «Аэропортто калуу эрежелери бар экенин эскертебиз, аларды бузууга болбойт. Аэропортто каттамга жүргүнчүлөрдү каттап жатканда сары сызык бар, ал жерди бир жүргүнчү каттап жатканда башка бирөө басып өтүүгө болбойт. Бирок Пакистандын жарандары бул эрежелерди этибарга албай, массалык түрдө кабылдамага үйүлүп, өзгөчө кырдаалды жаратышкан. Алар аэропорттун кызматкерлеринин артка кайтуу талабына жооп беришкен жок. Буга байланыштуу аэропорттун кызматкерлери жана ал жерде болгон милиция кызматкери орой мамиле кылууга аргасыз болушкан, анткени мындай тартипсиз жүрүм-турум бүтүндөй аэропорттун ишине тоскоолдукту жаратат. Окуя болгон жерге кырдаалды жөнгө салуу үчүн Пакистан элчилигинин кызматкерлери да чакырылган. Алар өз жарандарына аэропортто болуунун эрежелери жана кандай эрежелерге ылайык бекер каттаса болору тууралуу жеринде түшүндүрүп беришти», — деп жазылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө аэропортто абал калыбына келди. Бардык жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана коопсуз болушу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Аэропорт социалдык тармактардын бардык колдонуучуларын жалган маалымат таратпоону жана кырдаалды курчутпоону өтүнөт.

Related posts

УКМК Ошто билим берүү мекемелеринде корррупциянын алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү 

admin

УКМК: Жалал-Абад облустук сотунун судьялары пара алып жаткан жеринен ортомчулук кылган Жалал-Абад облустук аймактык адвокатурасынын төрагасы кармалды

admin

УКМК тарабынан кармалган жеке ишкер Олег Подобедов эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

admin

Комментарий