Мароккодогу жер титирөөдө каза болгондордун саны 2122 кишиге жетти

Мароккодогу жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 2122ге, жаракат алгандардын саны 2421ге жетти. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы билдирди.

Телеканалдын маалыматы боюнча, жолдордогу урандылардан улам куткаруучулар эң көп жабыркаган аймактарга жетүү кыйын болуп жатат. Жер титирөөнүн очогу Эль-Хауз провинциясынын Игил аймагында болгон.

Жер титирөө 9-сентябрга караган түнү болгон. Анын күчү ар кандай булактар ​​боюнча 6,8ден 7ге чейин болгон.

Related posts

«Ну-ка, все вместе!» долбоорунда 2-орунду алган Азат Раимбердиев кайрылуу жасады

admin

Бүгүн өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

admin

Быйыл Кыргызстанга 1,5 миңден ашык айыл чарба техникалары алып келинген

admin

Комментарий