«Маянаңарды кыскартабыз!» Төрага жыйынга катышпаган депутаттарга эскертүү берди

Бүгүндөн баштап жыйынга катышпаган депутаттардын маянасы кармала баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жыйын учурунда билдирди.

Шакиев эл өкүлдөрүн тартипке чакырып кетти.

“Урматтуу депутаттар, ушул жумадан баштап тартипти өзүбүздөн баштайлы. Катталып коюп, ишке келбей койгон депутаттарыбыз жок эмес. Жүйөлүү себептери жок келбей жүргөндөр дагы бар. Эмгек кодексине ылайык, сегиз сааттык иш тартибин талап кылабыз. Бүгүндөн баштап ар кандай шылтоолор менен жыйынга катышпаган депутаттардын эмгек маянасын кыркабыз”, — дейт ал.

Related posts

“Беш-Таш” улуттук паркына келген швейцариялык турист жоголуп, кийин табылды

admin

11-июлдан тартып өлкөдө мээ кайнаткан ысык башталат 

admin

Муфтият Орозо айы качан башталарын жар салды

admin

Комментарий