Мээрим Ибрагимова Чүй облусундагы эң мыкты тарбиячы деп табылды. Сүрөт

Чүй облусунда өткөн «Мыкты тарбиячы-2023» кароо-сынагында Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы бала бакчанын тарбиячысы Мээрим Ибрагимова баш байгени жеңип алды.

Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, Ибрагимова Мээрим Бурханидовна №20 «Улыбка» мектепке чейинки билим берүү мекемесинде иштейт. Эми ал республикалык сынакка Чүй облусунун атынан катышат.

— 1-орун — Орловка шаарындагы «Лесная сказка» бала бакчасынын тарбиячысы Ефремова Ольга Вальеревна;

— 2-орун — Москва районунун «Светлячок» бала бакчасынын тарбиячысы Думанаева Медея Саматовна, Кара-Балта шаарындагы «Петушок» бала бакчасынын тарбиячысы Чумакова Юлия Анатольевна;

— 3-орун — Чүй айылынын №1 «Байчечекей» бала бакчасынын тарбиячысы Жапарова Гүлбайра Жумабековна, Кайыӊды шаарчасындагы «Бешик ордо» бала бакчасынын тарбиячысы Усенова Нургүл Турдуматовна.

«Мыкты тарбиячы-2023» сынагынын максаты чыгармачылык менен иштеген тарбиячыны аныктоо жана аларды баалоо, ошону менен катар алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылткан тарбиячыны колдоо болуп эсептелет.

Related posts

Бишкекте 37 жаштагы келин 3 эм төрөдү 

admin

Путин: тең укуктуу кызматташууга даяр мамлекеттердин саны өсүүдө

admin

Жаан -чачын күтүлбөйт. 29-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Комментарий