Мектептеги каникул эмне үчүн кыскартылды? Министрликтин жообу

КР Агартуу министрлиги мектептердеги каникул эмне үчүн кыскартылганын түшүндүрдү.

Министрликтин айтымында, окуучулар окуу жылында 30 календардык күн эс алууга укуктуу.

«Мектеп окуучулары үчүн окуу жылында 30 календардык күн эс алуу белгиленген. Жаңы Эмгек кодексинин кабыл алынышына байланыштуу январь жана май айларында республика боюнча жарандарга узак мөөнөттүү эс алуу каралган. Андыктан окуучулардын каникулдары аталган өзгөрүүнү эске алуу менен кыскарган. Бирок жыл ичинде балдар 30 күн эс алышат», — деп түшүндүрдү министрлик.

Белгилей кетсек, мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 5-ноябрдан 9-ноябрга чейин уланат.

Ал эми жазгы каникул үч гана календарлык күнгө созулат: 2026-жылдын 6-мартынан 8-мартына чейин. Буга чейин ал 10 күнгө созулчу.

Related posts

22-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Бишкекте жол кырсыгынан улам унаа көпүрөдөн түшүп кетти 

admin

17-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Комментарий