Милиция активисттер менен бирге чет өлкөлүк студенттерге азык-түлүк жеткиришти

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери Арча-Бешик жаңы конушунун активисттери менен биргеликте Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жатаканасына барып, студенттерине жолугушту. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан маалымдашты.

Алар жолугушууда керектүү азык-түлүктөрдү тапшырышты.

Милиция борбор калаабыздын аймагында абал туруктуу экендигин билдирет жана чет өлкөлүк студенттерди күнүмдүк жашоосуна кайтууга чакырат.

Related posts

Садыр Жапаров тууну өзгөртүү идеясын колдой турганын билдирди

admin

УКМК: Сузактын Кызыл-Туу айыл аймагында жер тилкелери мыйзамсыз сатылган 

admin

Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду 

admin

Комментарий