Милициянын капитаны Курманбек Токобаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы оор жоготууга учурады. Кечээ, 13-октябрь күнү милициянын капитаны Курманбек Токобаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Ал ички иштер органдарынын катарына 2000-жылдан баштап кызмат өтөп баштаган. 1999-2000-жылдары Баткен коогалаңында бандиттик топтордун алдын тосуп чыгууда ички аскерлердин жоокери катары алдыңкы катарда болгон. Катардагы милициядан баштап, тескөөчү, милициянын аймактык тескөөчүсү кызматтарын аркалап келген. Кызматында жетишкендиктери үчүн Ички иштер министрлигинин медалдары менен сыйланган. 1971-жылы туулган Курманбек Токобаев 11 баланын атасы.

Related posts

Орус армиясы Украинадагы АЭСтин аймагына сокку урду

admin

24-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Бишкекте кайгуул кызматкери пара менен кармалды 

admin

Комментарий