Министр «Түндүк» тиркемесине аттестат, аскердик билет, диплом кошуларын айтты

 «Түндүк» тиркемесине аттестат, аскердик билет, дипломдор жана башка документтер кошулат. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов «Кабар» маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, тиркемени дизайн, архитектурасынан бери өзгөртүп, көптөгөн жаңы функцияларды кошуу пландалууда.

«Тиркемеге жаңы санариптик документтер, мисалы, аттестат, диплом, аскердик билет жана башка документтер кошулат. Бул чечим башка мамлекеттик органдар менен биргеликте иштелип чыккан. Өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу учурунда айрым убактылуу кыйынчылыктар болушу мүмкүн, бирок биз жаңы мүмкүнчүлүктөр тиркеменин ишинде чоң жылыш алып келерине ишенебиз. Идеалдуу версиясын түзүү үчүн бир жылдан ашык убакыт талап кылынат», — деди Жамангулов.

Related posts

9-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Балыкчы шаарында жеке нотариус кармалды

admin

Ош облустук милициясынын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

admin

Комментарий