Бишкек ЖЭБдеги авариялык абалдан улам Бишкекте ысык суу берүүдө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
«Керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет. Бирок шаардын жылуулук режимин сактоо максатында, ысык суу берүүдө чектөө киргизилип, мектеп жана бала-бакчалар онлайн окууга өткөрүлдү»,- дешти.