Мирзиёев: Кыргызстан биздин маанилүү стратегиялык өнөктөшүбүз, эң жакын коңшубуз жана досубуз

Бүгүн, 27-январда, Бишкекте президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кеңири форматта жолугушуу өткөрдү.

Шавкат Мирзиёев акыркы эки жылда өзбек-кыргыз кызматташтыгы эң жемиштүү өнүгүп жатканын белгиледи.

“Кыргызстан биздин маанилүү стратегиялык өнөктөшүбүз, эң жакын коңшубуз жана убакыт сынагынан өткөн досубуз”, — деди Өзбекстандын лидери.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, суу-энергетикалык жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Өзбекстандын президенти акыркы жылдары эки тараптуу сооданын көлөмү жети эсеге өскөнүн канааттануу менен баса белгиледи.

“Өткөн жылы эле соода 30 пайызга өсүп, 1,3 млрд долларды түздү”, — дейт Мирзиёев.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын президенти 26-27-январь күндөрү мамлекеттик сапар менен Кыргызстанда жүрөт. Эки өлкө лидерлери бүгүн, 27-январда, кеңири форматта жолугушту.

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Related posts

УКМК: Сокулук районундагы «Аю» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды

admin

Билим берүү министрлигине каникулду узартуу боюнча сунуш түштү 

admin

Бишкекте автобус айдоочу бакты сүзүп, 5 адам жабыркады

admin

Комментарий