Монголияда кар бороонунан 334 адам дайынсыз болуп жаткан. Алардын 333ү табылды

Өзгөчө кырдаалдар башкы башкармалыгы бейшемби күнү кечинде Монголиянын чыгышында калың кардын жана бороондун кесепетинен кеминде 334 адам дайынсыз жоголгондугун билдирди. Дайынсыз болуп жаткандардын көбү чабандар. 

Сух-Баатор, Хэнтий, Дорнод жана Дорноговь облустарында дайынсыз жоголгондорду издөө иштери жүргүзүлгөнүн Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматы билдирди. Баяндамада катуу чаң жана кар бороондору шейшемби күнү өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн каптап баштаганы, өзгөчө чыгыш жана түштүк Гоби аймактары көрүнбөй калганы айтылат.

Кийинчерээк 334түн 333ү табылганы кабарланган. Алардын бири каза болгон.

Related posts

Акыйкатчы Монголиянын адам укуктары боюнча комиссиясынын башчысы менен жолукту

admin

Бишкекте торпок менен аламан улак тартышты. Сүрөт

admin

Балыкчыда этти кайра иштетүү боюнча «Дордой Балыкчы» заводу ачылды

admin

Комментарий