Москвада кыргызстандыкка эки жолу ок атып, 100 миң долларын тоноп кетишти

Москвада каракчылык фактысы катталды. Бул тууралуу орусяилык ММКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Литовский бульварында белгисиз адамдар Кыргыз жаранына кол салышып, эки жолу атып, акчасы салынган сумкасын алып, сары түстөгү Поло үлгүсүндөгү унаа менен качып кетишкен.

Жабырлануучу кол салгандардын белгилерин айтып, полицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адамдар 100 миң доллар салынган сумканы алып кетишкен.

Related posts

УКМК: КР Ички иштер министрлигинин Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору системалуу түрдө акча чогултканы үчүн кармалды

admin

Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, 2 айдоочу каза болду. 9 адам ооруканада

admin

Бишкек — Ош — Бишкек багыты боюнча авиабилеттердин баасы төмөндөдү

admin

Комментарий