«Муктаж болсом, өзүм деле кайрылат болчумун». Белгилүү акын Замирбек Үсөнбаев соцтармактагы кептерге жооп берди

Социалдык тармактын колдонуучусу Жамбы Ысман кызы өзүнүн баракчасына белгилүү акын Замирбек Үсөнбаевдин ооруп жатканын жазып, ага мамлекеттик деңгээлдеги колдоо керектигин жазды. Ал эми акын өзү бул маалыматтын жалган экенин билдирди.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич, Камчыбек Ташиев, сиздерге интернет желесинен кайрылууга заманыбыздын залкары, кыргыз элинин сыймыгы, белгилүү акын Замирбек Үсөнбаевдин оор илдетке чалдыгып, акыркы мезгилде даарыланууга муктаж абалда экенин билдиргим келет.

Залкарыбыз алышып жаткан илдетти Түркиядагы клиника дарылап, айыктырууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген. Маселе керектелүүчү каражаттын чоң экенинде. Белгилүү акыныбыз мамлекеттик деңгээлде камсыздыкка алууга татыктуу»,- деп жазылган.

 Замирбек Үсөнбаев менен байланышканыбызда, бул маалымат жалган экенин айтып, мамлекеттик деңгээлдеги колдоого муктаж эмес экенин билдирди. «Муктаж болсом, өзүм деле кайрылат болчумун»,— деди ал.

Related posts

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды

admin

КР УКМК: Жалпы аянты 1,1227 га болгон минералдык булагы жана чектеш аймагы бар «Ысык-Суу» дарылоо-ден соолукту чыңдоо пункту мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

АКШ Владимир Путин менен Ким Чен Ынга санкция тууралуу эскертти

admin

Комментарий