Муниципалдык кызматкерлер аптанын эки күнүндө коомдук транспорт менен жүрөт

Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуу, коомдук транспорттун ишинин сапатына мониторинг жана талдоо жүргүзүү максатында Бишкек мэриясынын кызматкерлерине жеке жана кызматтык автоунаасын пайдаланууга чектөө киргизилет. Ага ылайык, аптанын шейшемби жана бейшемби күндөрү муниципалдык кызматкерлер авто унаанын ордуна коомдук транспортту колдонууга милдеттүү.

Аталган эки күн унаа кыймылы эң көп болгон күндөр катары тандалып алынды. Көрсөтүлгөн күндөрдө жеке жана кызматтык автоунааларды колдонууга чектөө киргизүү жолдогу тыгындарды азайтып, жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн тыгындардын убактысын кыскартат. Ошондой эле коомдук транспортко болгон суроо-талапты жогорулатат. Бул өз кезегинде, транспорттук тутумдун өнүгүшүнө өбөлгө болот жана атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтат.

Муниципалитеттин кызматкерлеринин коомдук транспортту колдонушу жарандарга жана башка уюмдарга үлгү болуп, экологиялык жактан таза жана натыйжалуу транспорт каражаттарын колдонууга дем берет.

Related posts

Кадамжай-Тамаша жолу селден улам жабылганы кабарланууда. Видео

admin

КР УКМК: Акча талап кылуу фактысы боюнча Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы кармалды

admin

Бишкекте «Ирак жана Левант Ислам мамлекети» эл аралык террористтик уюмунун жактоочусун кармады

admin

Комментарий