Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы экология министри Динара Кутманованын баш коргоо чарасын узартты. Райондук соттон билдиришкендей, ал 9-февралга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы жетекчиси Динара Кутманова УКМК тарабынан кармалган. УКМК аны мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык тармакты уюштурууга шектеп жатат.